★★★★★★★★★★
Кээде кетем Бишкектен
Чыгып калса иштерим
Тоша берчи бешти сен
Күтүп турат Бишкегим
Кайтып келем бат эле
Айтып берем жаңылык
Бир аз алыстасам сенден
Дароо кетем сагынып
Дөңгөлөктөр айланат
Кара айнек чаптап
Күндүз көчөлөрүн басат миллиондор таптап
Шаарым мезгил менен бирге,эч калбастан артта
Көп кабаттуу үйлөрүндө
Эли жакшы шартта
Ала-тоонун эсинде
Үч ирет ак-үй күйгөн
Тургундары жашап келет
Ынтымакты сүйгөн
Жүрүшсө дейм көпчүлүгү
Эне-тилин сүйлөп
Канча жерди көрсөм дагы
Бишкек менин дүйнөм
Карангы көчөлөрүндө каракчыдан коргонуп
Жокчулукта чоңойдук биз тепселедик жолдорун
Жер жүзүнүн борбору
Чүй проспекттен Оңго бур
Локациямды жиберем
Тургам жерим азыр менин бул
Биздин Бишкек
Дайым эсте
Мен алыстасам сени сагынам
Бул биздин Бишкек
Байлыгым сен
Айланып кетсем борбор шаарыман
Кайсы жолу кыска
Көрсөтөрүн билем
Кайсы эшик туура экенин жана ага кирем
Тааныш мага баардыгы
Каалаганым алам
Кучак жайып тосуп алган адамдарга салам
Үйдө жүргөн сезим
Өткөн бала кезим
Автобустар 5 сом болчу
Арзан кезде бензин
Волга менен москвич
Азыр беха мерстер
Эмне өзгөрүү болсо дагы ошол эле ТЭЦи
Таң атканда чаң болуп
Көчө шыпыргандар
Встречка менен айдап жарык берип шашылгандар
Царикаев тосуп калса коём учурашып
Жанымда бар сулуу кызым
Тартат инстаграмга
Мурда көпөлөктөр түндө дагы дагы уччу
Азыр мезгил башка,мыйзамдары күчтүү
Акчалардын борбору
Моссоветтен Оңго бур
Локациямды жиберем
Сүйгөн шаарым менин бул
Биздин Бишкек
Дайым эсте
Мен алыстасам сени сагынам
Бул биздин Бишкек
Байлыгым сен
Айланып кетсем борбор шаарыман
Биздин Бишкек
Дайым эсте
Мен алыстасам сени сагынам
Бул биздин Бишкек
Байлыгым сен
Айланып кетсем борбор шаарыман
Бардыгын батырган баатыр BishCity one love
Ааламга жолум ачкан эшигим,каалам
Ал жүрөктө жашап калат
ПОХОЖИЕ ТРЕКИ
Qaragym
Qaragym
Kazybek Kuraiysh
Севем
Севем
UNIK & Makhach
Антидепрессант
Антидепрессант
PUSSYKILLER
Beverly Hills
Beverly Hills
Мэйби Бэйби & DEAD BLONDE
ALONE
ALONE
SaintPrince 52
BASS & SEX
BASS & SEX
РЭЙВИ & VELSKY
АХАХАХ123KILL
АХАХАХ123KILL
OG Buda & MAYOT & Slatt Savage
БЛЕФУЮ
БЛЕФУЮ
JizzyB
Государственная Служба Пропаганды Дискотек
Государственная Служба Пропаганды Дискотек
DEAD BLONDE & GSPD
Alyona Dance
Alyona Dance
WHITE GALLOWS
